Кундуз Жолдубаева 2 жарым саат сурак берип чыкты

9-октябрда КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка кирген. Ал буга чейин да Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары сурак берип келгени белгилүү.

Жолдубаева анын макамы күбөдөн шектүүгө өзгөртүлө турганын божомолдоп жатканын суракка кирип бара жатып SUPER.KG порталына билдирген.

Ал сурак берип чыккандан кийин жактоочу Замир Жоошев Жолдубаеванын макамы күбөдөн шектүүгө кийинки сурактарда өтүп калуусу мүмкүн деген божомолдор бар экенин айткан.


Ал эми 10-октябрь күнү Жолдубаеванын сурагы белгисиз себептерден улам болбой калган. Ал эми бүгүн, 11-октябрда Кундуз Жолдубаева кайрадан сурак берип чыкты. Ал суракка киргени, макамы өзгөрүүсүз калганы боюнча SUPER.KG порталына айтып берди. Жолдубаева кайсы учур болбосун аны кайра суракка чакырып калышы мүмкүн экенин айтты.

"Жаңы эле сурактан чыктым. Кой-Таш окуясы боюнча сурашты. Макам өзгөртүлгөн жок. Кайсы убакыт болбосун суракка кайра чакырып калышыбыз мүмкүн дешти. Так убактысы айтылган жок. Сурак 2 жарым саатка созулду. Эртең менен саат 10:30да сурак башталса, 12:30 чамасында чыктык", - деди Жолдубаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан