Депутат өкмөт социалдык объектилердин курулушун көзөмөлгө алышы керектигин айтты

Депутат Айнуру Алтыбаева өкмөт социалдык объектилердин курулушун көзөмөлгө алышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кара-Суу шаарында бир катар социалдык объектилердин курулушу создугуп жатат. Алардын арасында мектептер да бар. Өкмөт ошондой курулуштарды көзөмөлгө алып, тезинен бүткөрүү жаатында чараларды көрүшү керек. Кара-Суу шаарынын эбак эле эскирип калган канализациясын калыбына келтирүүгө көңүл бурулушу керек. Анткени ал калаада ири базар орун алгандыктан, келим-кетим өтө көп. Шаар айланасында жашаган жергиликтүү тургундардан тышкары, Өзбекстандан да күн сайын он миңдеген адамдар келет. Алардын агымын шаардын канализациясы көтөрө албай калды", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан