Бишкек шаардык муниципалитет "Тез жардам" кызматына 6 унаа сатып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Анда "Тез жардам" унааларын башкаруу балансына өткөрүлүп берилери айтылган.
"6 "Тез жардам" унаасы тендердин негизинде сатылып алынды. Андан тышкары, сүт азыктарын ташуучу унааларды да сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Унааларга жумшалган жалпы каражат 10 миллион 980 миң сомду түздү. Буга каражат шаардык казынадан бөлүндү", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, муниципалитеттин балансында 93 "Тез жардам" унаасы болсо, анын ичинен 44 унаа эксплуатацияга жарабай калган.