Депутат Руслан Казакбаев медицина кызматкерлери Орусияга иштегени кетип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
“Медицина кызматкерлери Орусияга кетип жатышат. Ал чоң мамлекет, бюджети да чоң. Бул өлкө менен атаандаша албайбыз. Саламаттыкты сактоо тармагына канча ваканция бар?”, – деп сурады депутат.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев сентябрь айына карата 1 миң 460 ваканция бар экенин айтты. “Ал эми медайымдардын жетишсиздиги боюнча айылдарда көйгөйлөр жок. Бишкек, Ош шаарында медайымдар жетишпей жатат”, - деди министрдин орун басары.
Каратаев билдиргендей, былтыр 317 медицина кызматкери Кыргыз мамлекетинен кетишкен.
Депутат кесипкөй адистер башка өлкөгө кетип жатканына тынчсызданып, бул маселе боюнча өкмөт менен биргеликте иш алып баруу керектигин билдирди.