Биз социалдык тармакта

Мугалимдер октябрь айында 30 пайыз көбөйтүлөт деген сумманы ала алыштыбы?

Кыргыз өлкөсүндө 1-октябрдан баштап мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көбөйтүлө турганын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдө өткөн мугалимдердин август кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып билдирген.

Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги дагы тастыктаган.

"Педагогикалык билими бар-жогуна карабастан бардык мугалимдердин айлыгы 30 пайызга жогорулайт", - деп билдирген министриликтин маалымат кызматынан.

"Мугалимдин статусу" жөнүндөгү мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мектепте профилдик педагогикалык билими бар адис иштей алат. 1-октябрдан тарта 120 миңден ашык мугалимдин айлыгы 30 пайызга жогорулай турганы буга чейин маалым болгон.

Мындан улам SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн кээ бир дубандарындагы агартуучулардын айлык-акысынын жогорулаганы боюнча пикирин укту. Алардын айтымында, октябрь айында маяналарына бир аз акча кошулганы байкалган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу №24 мектепте математика сабагынан мугалим болуп көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан Асан Эрмеков айлыгынын көбөйгөнү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

“Айлык акы 30 пайыз көбөйгөнү бизге чындыгында байкалды. Мисалы, мен буга чейин 10 миң 238 сом алчумун. Кечээ айлык көтөрүлгөндө 13 миң 870 сом акча алдым”, - деди.

Ал эми Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-Түрк достугу" мектеп-лицейинде үч жылдан бери информатика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келе жаткан Бектурган Мизамидин уулу дагы мурунку айга салыштырмалуу колуна көбүрөөк сумма алганын айтып берди.

"Мугалимдердин айлыгы 30 пайыз көтөрүлөт деген чын экен. Негизи быйыл менин мектепте сааттарым аз болчу. Сентябрь айында колума 7500 сом айлык алгамын, ал эми октябрь айында 10 миң сом маяна алдым", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kairat1996
2019-11-04 22:13:04
Ишенип койгула. Ашып кетсе 2 айдыкы берилет, эки айдан кийин кайра эле мурдагы кейпин кийигизет. Эптеп которду деген соз калтырыш учун жасалып жатат.
-3
aza84
2019-11-04 22:24:59
Кур соз саатын кыскартып мурдагыдан дагы аз болуп калды любой мугалимден сурасанар айтып берет чындыкты
+5
Erik2018
2019-11-05 11:59:00
aza84, макаланы окусан маңкаланбай мугалимдер коментарии берип жатат отуруп алып диван эксперт болбой
-1
Ernestinio
2019-11-05 11:56:36
ичи тарлар аябай кобойуп баратат. айлык которулсо да жоок которулбоду, же которулуп кайра тушот деген "умниктер". рск банктан статистика сурагыла, мурдагы мугалимдердин айлыгы менен азыркыны салыштырасынар
+5
Absamat-90
2019-11-05 11:57:09
Айлыктын которулушу мугалимдерге бир топ стимул болду. Азыр копчулук жаштар тескерисинче шаардан айылга барып мугалим болуп орношуп жатат.
+4
altyn-kumush
2019-11-05 11:58:46
Мугалимдердин айлык акысынын көтөрүлүшү аркылуу билимдүү, тажрыйбалуу мугалимдерди өз өлкөбүздүн аймагында сактап калуу менен бирге алардын социалдык жашоосун жакшыртканга жетишебиз. Мугалимдердин квалификациясын көтөрүүмаксатында ар кандай окутууларды өткөрүү аркылуу жаштарга жаркын келечек куруп бере алабыз.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан