Биз социалдык тармакта

Бишкек шаары Турдакун болуп өзгөрүшүн колдойсузбу? (сурамжылоо)

Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында жаңыланган борбордук аянт ачылып, Турдакун Усубалиевдин айкелинин ачылыш аземи өткөн. Көрүнүктүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы катышкан. Өлкө аймагында мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгына карата ири иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө. Ал иш-чаралардын биринде Усубалиевдин ысымын борборго ыйгаруу сунушу дагы болду. Сунуш айтылары менен социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынды. Алар эки жээкке бөлүнүп, бул сунуш боюнча учурда дагы өз пикирлерин билдиришүүдө.

Аталган сунуш мамлекеттик ишмердин ысымын ыйгаруу боюнча алгачкы сунуш эмес. Буга чейин дагы анын ысымын беделдүү жерлерге ыйгаруу боюнча маселелер көтөрүлүп келген. Алсак, Киев көчөсүн анын атынан атоо сунушталган, бирок бул сунушка Турдакун Усубалиев атындагы фонд макул болгон эмес.

Мындан тышкары, Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылган. Ошондой эле Эски аянтка жана Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилген.

Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абадга болгон иш-сапарында Күрп-Сай ГЭСине Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгилеген.

Мындан улам SUPER.KG порталы бул тууралуу шаар тургундарынын пикирин укту. Шаар тургундары Бишкек шаарынын Турдакун деп аталуусуна кандай пикир билдиришет, видеодон көрүңүз.

Бишкек шаары Турдакун болуп өзгөрүшүн колдойсузбу? (сурамжылоо)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
jaskaaa
2019-11-05 17:31:15
Колдобойм. Бишкек эле соонун
+12
Nazar76
2019-11-05 17:56:19
Кайсыл жерденсин десе Турдукандан болом десен элестет койчу ай
+7
jigit.paren
2019-11-05 18:13:51
Кереги жок өзгөртүүнүн Ош жергесиндеги көп жерлерди ошол эле Сох Ленинабад Фергана көп жерлерди ушул Усубалиев берип салган арендага деп туруп минустары өтө көп Бишкекти бираз оңдоп койсо эле атын бере берелиби бул өтө туура эмес
+12
murat17
2019-11-05 21:29:10
jigit.paren,эн туура бул киши жакшы нерсе жасаган эмес наборот кыргыз жерлерин берген мисалы Оштогу Кемпир абад Совет абадды берип жиберген бул деле Шабдандын бир туру мейли исхак деп атасын же Султан деп атасын жок дегенде Алымбек деп атасын мен колдойм болбосо жон эле Бишкек боюнча калсын
+4
Losw
2019-11-06 03:39:10
murat17, Сен да доорубочу, Султан десин, Алымбек десин деп. Оз аты менен эле калсын Бишкек...

Кайра Турдакундун ысмы берилген жайлардан Турдакундун ысмын алып салуу керек...
+4
aslan_akjol89
2019-11-05 18:57:31
Уважаемые Турдакунчане!Андай болбойт,Турдакун татыктуу эмес.Калсын Бишкек боюнча.Расходтон башка нерсе,онугуу боюнча сунуш берсин ошол адамдар доорубой.
+11
kubasel
2019-11-05 18:57:43
Кереги жок, башка проблема толтура
+7
katerina.li
2019-11-05 20:14:47
Турдакундун сойкулары болуп калабы ошондо??
+8
PROS
2019-11-05 20:29:42
Башканын атын койсоңор да турдакундун атын койбой эле койгула, татыктуу эмес!!!
+10
Dembele84
2019-11-05 20:52:14
Мээси жоктор,бул нерсени озгортууго канча миллиондогон акча кетет,проблема чачтан коп болуп турганда пок барбы алмаштырып?Кайсы мээси жок мвнкурт сунуштап чыкты ушул нерсени?
+8
asash
2019-11-05 21:22:29
Абсамат масалиев турдакунга караганда Кыргызстандын тарыхий инсаны, вообще озгортуштун кереги жок, андан коро, тарыхий инсандардын атын, кочолорго, чек врага жакын жайгашкан айылдарга койгула, озбекче аталган кочо айылдарга койгула ана кыйын экенсинер!
+10
bond02
2019-11-05 22:19:19
Турдакун туруп турсун, биринчи онуголу.
+6
Bars.
2019-11-05 23:06:35
Бишкектин атын АША деп озгортобуз!
-3
barsbegKG
2019-11-05 23:28:31
Бир шаар куруп койгонсуп. Кочкор өрөөнүнө (районго же райборборго эмес) чоң шаар тургузуп атын коюп алсак болот. Бишкегибизди жөн койгула!
+1
Aziat25
2019-11-06 00:22:37
Татыктуу эмес. Эл оозунда айтылып жүрөт, түштүк тараптагы жерлерди Өзбекстанга өткөзүп жиберген деп. Сааты келсе бул ушак дагы такталат.

Бишкек бойдон калган жакшы.

Негизи шаардын аттары адамдын атына коюлган туура эмес. Убагы келсе Нур-Султан , Астана болуп калат. Себеби казак элинин өздөрүнө да жакпайт.
+4
tular
2019-11-06 00:42:09
Кайда баратасың деп сураса? Турдакунга баратам деппи!
+2
al-abu-kinesz
2019-11-07 10:57:09
Колдосо Кочкорлуктар эле колдойт да. Андан коро Манас шаары десе уккулуктуу да татыктуу да. Манас менен Турдакундун кыргыз эли жери учун кылган эмгегин салыштырып да болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан