Өкмөт башчы тез тамактануучу жайдагы өрттүн себептерин тыкыр иликтеп, жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарындагы тез тамактануучу жайдан чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез тамактануучу жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Алдын ала маалыматтар боюнча тез тамактануучу жайдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез тамактануучу жайдын кызматкери) окуя болгон жерден каза болду.

Үч бала "Тез жардам" кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди.

Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан