8-ноябрь күнү Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Антошка" тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаган. Учурда эки жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
“Бүгүнкү күндө ооруканада 7 жабырлануучу тиешелүү дарылануудан өтүүдө. 2 жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда. 9-ноябрь күнү 3 жабырлануучу абалы канааттандырарлык деп амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, бардык дары-дармектер менен камсыздалган”, - деп билдиришти министрликтен.
Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.