Өрт чыккан тез тамактануучу жайдан каза болгон адамдын денеси алынып чыкты.
Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыккан өрттөн 13 адам жабыркады. Анын арасында бирөөсү каза болду. Жабыркаган 3 бала "Тез жардам" кызматы менен шаардык балдар ооруканасына, 9 адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.
Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.