Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыккан өрттөн каза болгон кыздын аты-жөнү такталды. Маркум 21 жаштагы С.А. аттуу кыз болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрт бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыккан. Өрттөн 12 адам жабыркады. Алардын арасында 3 бала бар. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен Шаардык балдар ооруканасына, 9 адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Алардын абалы тууралуу дагы кошумча маалымат берилет.
Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.