Тез тамактануучу жайдагы өрттөн жабыркаган Акжолтой Байысбек кызынын абалы канааттандырарлык

Кечээ, 8-ноябрда катталган тилсиз жоодо Акжолтой Байысбек кызы жабыркаган. Ал аталган тез тамактануучу жайда иштегендиктен, жабыркап ооруканага түшкөн. Жабырлануучунун эжеси Рыскүл Бекмурзаева ишкана ээлери кызматкерлердин ден соолугун ойлоп, тиешелүү шарттарды түзүп, коопсуздукка маани бериши керек эле деген пикирин айткан.

Бүгүн, 9-ноябрда жабырлануучу Акжолтой Байысбек кызынын абалы жакшы болуп келе жатканын кайненеси Эркингүл Акбекова айтып берди. Айтымында, ал бүгүн ооруканага барып келинин көрүп келген.

"Келиним Акжолтойдон кабар алып чыктык. Келинимди көргөнүм менен дарыгерине жолугуу мүмкүн болгон жок. Уулум келинчегин күнү-түнү карап жатат. Негизи келинимдин баш мээси чайкалган, колдорунун эки билеги, кулагы, чачы жана бети, башы дагы бир аз күйгөн. Катуу сокку менен сүрүлгөндө бутунун терилери сыйрылып кеткен. Учурда Акжолтойдун абалы канааттандырарлык", - деди бейтап келиндин кайненеси.

Буга чейин "Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. Бүгүн, 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабырлануучулардын тизмесин жарыялап, абалы тууралуу маалымат берди. Анда 3 жабырлануучу ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап дарылануусун улантып жатканы кабарланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KAYRATBEK
2019-11-09 18:19:38
Кечирим сурайм бул жака жазбашым керек эле бирок ушул жак эле ачык экен комментарии жазганы. Супер Футбол башталдыбы билип бергилечи сураныч.
-1
muras111211
2019-11-09 19:40:28
Жакшы болуп сакайып кетсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан