Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК ВИДЕО: Чоргосу көрүнбөгөн суу аккычты "Кудайдын кудурети" деген жаран талкууга алынды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы чайканалардын биринин короосундагы чоргосу көрүнбөгөн суу аккычты белгисиз жаран видеого тартып алган. Видеонун автору чайкананын короосундагы суу тууралуу угуп, ишенбей өз көзү менен көрүү үчүн келгенин айтат.

"Кудайдын кудурети менен чоргосу жок эле нерседен суу чыгып жатат. Биз дагы укканыбызга ишенбей келгенбиз. Бирок Кудайдын керемети ушул экен, түтүгү жок эле суу чыгып жатат. Бул жерди тосмо менен курчап коюптур. Мунун көзгө көрүнбөй жүргөн ээси бар экен деп жатышат", - дейт автор.

Видео интернетке тарагандан кийин көпчүлүк колдонуучулар авторду билимсиз деп сынга алышкан.

"Суу агып жаткан чорго айнек сымал тунук болгондуктан көзгө көрүнбөйт", "Мага акча төлөп берсе "Кудайдын кудуретинен" бешти жасап бермекмин" жана башка пикирлерин интернет колдонуучулары калтырышкан.

Чайкананын короосундагы "өзгөчө" жасалга
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
TIMON_BERKOWITZ
2019-11-09 19:17:32
Шишеден ортосунда труба бар
+8
Beck_13
2019-11-09 21:24:28
TIMON_BERKOWITZ,козунор корбу же конкобайсынарбы автор? Айнек труба отуп турат го суунун ортосунда.
+1
zhigitaly
2019-11-09 20:02:19
Аксынын кара суу нан келбеген бекен ошол киши?
0
take.kg86
2019-11-09 20:04:04
Мындай нерсе бишкекте калыс ордого бурулган жерде да бар чоргосу агып жаткан суунун ичинде суу токтогон учурда карасаң ичинде труба көрүнүп турат эч кандай шишеден труба эмес жөнөкөй эле труба
+5
tavanova.sarah
2019-11-09 20:26:45
Байзактын жанында жашап укапмын)
Эртен кирип чыкпасамбы ушу))
+5
katerina.li
2019-11-09 20:40:31
Тобоооо,21 кылымда ушундай нерсеге ишенгендер болот экен ээ.
+8
tavanova.sarah
2019-11-09 21:09:45
Ээ бул ушундай чыккан экенго эчак эле. 6000 руб.дан экен. Сууну озуно тартып алып, кайра чыгараткен))
Бизге эээми жеткени учун жанылык болуп атат)
+3
Saidochka
2019-11-09 21:50:30
Мындай " кереметтер" интернетте толтура го,
+2
Saidochka
2019-11-09 21:51:49
Фотошоп,монтаж кылып алып деле " кудайдын кудурети"кылып аткандар.анан ошого "класс"басып аткандар
+4
Saiit
2019-11-09 22:36:22
Капырларга кудай берди эми бир жолу Намаз окугандарды акылы пас деп!! Ичинде Тенирчилер жыргады!
+1
ilgizk
2019-11-10 01:09:29
Иномарка жаңы бизге келе баштаганда,аксакал машинага түшүп балам жаман ысып кеттим терезеңи түшүрүп койчу десе,шоопур да бир келме айтсаңыз ачылат дейт,аксакал келтирсе акырын кнопканы басып ачып коёт экен аксакал э АЛЛА ишенип ишенбейт элем Кудайга эми точна ишендим деген экен эле.
Бул авторда ошол сыңары болуп атканго ...
+8
KAYRATBEK
2019-11-10 01:25:29
Кудайдан улуу суйлобогуло туугандар Кудайым кылган кереметтин кыпындайында кыла албайбыз. Пенде деген соз адашуучу болуп чечмеленет пендебиз адашабыз.
+1
PROS
2019-11-10 06:21:24
Мени таң калтырганы кыргызча сөздөрдү туура колдонбой калганыбыз болду!!! "Чоргосу жок эле суу агып жатат" дейт, коммент жазган бирөөсү "чоргосу агып жаткан суунун ичинде" дейт! Эй КЫРГЫЗДАР, бул жерде чоргодон суу агып жатат го! Чайнеги жок эле чоргодон суу агып жатат деп жазсаңар туура болмок!!!
+6
Bars.
2019-11-10 09:52:43
PROS,туура, же тутугу жок эле чоргодон суу агып жатат деп жазуу керек.
+3
tular
2019-11-11 00:37:34
Bars.,эң туура
0
Talantmarsel
2019-11-10 07:15:17
Жаш болсок кийин түшүнүп алабыз пенде адашуучу тооба кылалы
+1
Adi010891
2019-11-10 12:17:40
Ээй апендим, козду чоон чоон ачып карасан, труба корунуп туратго
+1
ma2as
2019-11-11 16:07:15
Супер инфо гезити , видеороликтин башындагы жарнаманардын унун азыраак кылса болбойбу , койгондо эле адамды чочутуп чыгат .
0
admin_media
2019-11-11 17:32:16
ma2as, Саламатсызбы, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан