"Антошка" тез тамактануучу жайын ижарага алып иштеткен жаран СИЗО-1ге киргизилди

"Антошка" тез тамактануучу жайын ижарага алып иштеткен жаран СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук прокуратурасынын өтүнүчү менен жаран СИЗО-1ге 22-ноябрда киргизилген.

Ал буга чейин Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Антошка" тез тамактануучу жайынан өрт чыккан. Өрттөн 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган.

Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан