Бир адамдын өмүрүн алып, 12 киши жабыркаган “Антошка” тез тамактануучу жайында өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес. Буга чейин экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан эскертүүлөр берилип, айып пул да салынган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынын башчысы Анара Мамбеталиева SUPER.KG порталына билдирди.
"2018-жылы кырсык болгон "Антошка" тез тамактануучу жайында Мамэкотехинспекция текшерүү жүргүзгөн. Газ баллондорду колдонуп жатышкандыгы аныкталып, аларга 18 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, толугу менен өндүрүлүп алынган. Бирок алар ошол мыйзам бузууларды жөнгө салган эмес. Мына ошонун кесепетинен ушул кырсык катталып отурат. Тез тамактануучу жайларда газ баллон колдонууга болбойт. Көрүп калсаңыз бизге кабарлаңыз".
Анара Мамбеталиева өкмөттүн бизнести текшерүүгө салынган мораторийинин негизинде, 2019-жылы текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Мекемеден белгилешкендей, жарыяланган мораторийге байланыштуу инспекция кызматкерлери мындай объектилерди арыз болгон учурда гана текшере аларын кошумчалады.
"Негизи эле Бишкек шаары боюнча 120дан ашуун тез тамактануучу жайлар бар. Бул тамактануучу жайларда жыл сайын өрт коопсуздугунун эрежелери сакталгандыгы боюнча мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. Бирок өзүңүздөргө маалым болгондой, 2019-жылдын 1-январынан баштап ушундай жайларды текшерүүгө мораторий жарыялангандыктан, биз кайрылуулардын негизинде гана текшерип калганбыз", - деди Мамбеталиева.
8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыккан.