Борбор калаадагы тез тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат

Борбор калаадагы тез тамактануучу жайлардын биринде катталган кырсыктан кийин тез татым жайлары текшерүүгө алынмай болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрияда өткөн жыйында биринчи вице-мэр 18-ноябрга чейин тез тамактануучу жайларда, социалдык мекемелерде, мектеп жана бала бакчаларда өрт коопсуздугун күчөтүү боюнча план-программаны иштеп чыгууну тапшырды. Мындан сырткары, бул сыяктуу тамактануучу жайлар текшерүүгө алынмай болду.

Өткөн аптанын 8-ноябрь күнү Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Антошка" тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, өрттөн 12 адам жабыркаган, алардын арасында 3 бала бар. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен Шаардык балдар ооруканасына, 9 адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бүгүнкү күндө ооруканада 7 бейтап тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Дарыгерлердин айтымына караганда, эки жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.

Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baku88
2019-11-12 12:15:48
Качан кырсык болуп бир эки адам олгондо анан кочукторун которот ага чейин былк этишпейт акмактар силердин шалаакы мамиленерден канчасы бей ажал олуп кетип атышат текшерип жургонунордо жарылып кетсе кормокмун адам эмессинер силер
+1
Makul
2019-11-12 12:22:28
Бизде дайыма ушундай да. Бирөө өлгөндөн кийин ойлонушат.
0
munduz2016
2019-11-12 17:06:04
Кеч болсо да текшерип койгон жакшы
0
jasgul
2019-11-12 17:28:25
Ош шаарында да текшеруу жургузушсо жакшы болмок. Мен Антошканы угаарым менен эле Оштогу Dine тез татымды эстедим. Ким кирип жургон болсо билишет. Кудай сактасын бирок ал жерден чыга албайсын. Кире беришинде жасашат. Проход узкий. Качып чыгууга, секирууго да эшик да, тешик да, айнек да жок.
0
pyeon hwa
2019-11-12 17:58:19
Тез тамактануучу жайдан го кырсык болду эми текшер п жатасынар мейли анынар жакшы, эми куто туралы дединерби башка имараттарды? мисалы Мектеп/ Оорукана/ Торговый центр ж б баарын текшергиле Макоо болбогулачы сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан