Депутат: "30 жыл бирге жашап, ажырашканда аял киши эч нерсеге ээ боло албаган учурлар көп эле кездешет"

"30 жыл бирге жашап, ажырашканда аял киши эч нерсеге ээ боло албаган учурлар көп эле кездешет", - деп бүгүн, 12-ноябрда "Аялдарды колдоо борбору" өткөрүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө дүйнөлүк тажрыйбада жогорку мамлекеттик кызматтарда жана парламентте ээлеген кызматтардын үчтөн бир бөлүгүн аялдар ээлеген учурларда көрсөткүчтөр жогору экени айтылды.

"30 жыл турмушта жашап туруп, ажырашкан учурларда аял киши эч нерсеси жок калган учурлар көп эле кездешет. Андай учурларда кайненеси да "бул сенин аялың, тапкан байлыкты бирге топтогонсуңар" деп да айтпайт. Мындан улам аял киши иштеши керек, билим алышы керек. Бүгүнкү күндө бир гана Сарууда айылдык кеңеште аялдын аброю эркектикинен жогору экени далилденди", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан