Бишкектеги Медеров көчөсүндөгү Калкты тейлөө борбору жабылат

Бишкектеги Медеров 44/1 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борбору жабылат. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ушул жылдын 18-ноябрынан тарта жогоруда аталган даректе жайгашкан Калкты тейлөө борбору жабылат. Мындан ары 4 ири тейлөө борборлору иш алып барат. Ал эми Калкты тейлей турган борборлор Октябрь жана Аламүдүн райондорунда ачылат", - деп жазылат маалыматта.

Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун жаңы даректери:

Октябрь райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: 12-кичи район, Нуркамал көчөсү 29;

Биринчи Май жана Свердлов райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: Чокан Валиханов көчөсү 2;

Ленин райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: Жаш Гвардия бульвары 4;

Аламүдүн райондук Калкты каттоо, паспорт берүү жана ЗАГСы. Дареги: Ауэзов көчөсү 1/5.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars.
2019-11-12 14:30:38
Кайра кобойтуу керек. Ардайым толтура кезек куткон эле эл. Бир жумушун чыкгып барсан сааттап кезекте турасын. Кызматкерлер ото жай тейлешет.
0
Absamat-90
2019-11-12 14:43:09
Балким башкача форматта башка жерге ачылат. Экинчиден бул жер шаар ортосунда жайгашып, автоунаа журуусуно коп тоскоолдук жаралчу.
+3
Erik2018
2019-11-12 14:45:32
качан көрсөң ошол жерде тыгын болуп айдоочуларга тоскоол болот башка жак жылдырып туура кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан