Депутат: "30 пайыздык квота бул теңчилик эмес. Мандатын тапшырган аялдын ордуна аял депутат келиши керек"

"Отуз пайыздык квота бул теңчилик эмес" деп бүгүн, 12-ноябрда ЕККУУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлгөн тегерек столдо депутат Айсулуу Мамашева журналисттерге билдирди.

"Жаңы мыйзам боюнча айтып кетсем, 30 пайыздык квота боюнча практикада аял киши жергиликтүү кеңештин депутаты болуп келгенде, аны тизмеден чыгарып койгон учурлар көп болгон. Ал эми жаңы мыйзамга ылайык, биз ар бир айымдын укугун коргоп, айымдын артынан айым келиши керек деген нерсени киргизип жатабыз. Менин пикиримде, 30 пайыз бул теңчилик эмес.

Бүгүнкү күндө бир гана Саруу айылдык кеңешиндеги аялдардын саны 43 пайызды түзүүдө. Биз Саруу айыл кеңешиндеги даража менен аябай сыймыктанабыз. Менимче, айымдардын саясий эрки болсо, биз туруп бере алабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yrmat88
2019-11-12 15:33:07
Аял кишинин баркын коомдо которуш керек. Азыр биздин мечиттерде исламист молдолор 100 сөз суйлосо, анын 50сү арабча сөздөрдү кайталамай, калган 50 сөзү аялдарды жамандамай, Чубак ажысы баш болуп. Мечиттерге барсаңар ашынган исламисттер аялдарды басынткан пропаганда жүргүзүп жатышат. Мындайга тез арада тыйуу салгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан