Москвада полиция Кыргыз жаранын мас абалдагы кардарды ташуудан баш тартканы үчүн кармады

Москвада полиция кызматкерлери такси кызматында эмгектенген Кыргыз жаранын кармаганы тууралуу укук коргоочу Валентина Чупик социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Кезектеги экстремисттик окуя. Исаков Айзат Кыргыз өлкөсүнүн жараны, мас абалындагы кардар анын улуттук белгилерине тийишип басмырлап, кол салууга аракет кылган. Айзат жүргүнчүнү тейлөөдөн баш тартканы үчүн дал ошол кол салган кардар кыргыздын үстүнөн арыз жазган. Эми болсо, аны Зюзино ОИИБисинде кармап жатышат. Нөөмөттөгү Гомонков кылган аракетин түшүндүрүп бере албай жатат", - деп жазылат билдирүүдө. Чупик билдирүүсүнө мигрант менен болгон сүйлөшүүсүн кошо тиркеген. Анда мигрант аны эмне себептен кармашканын жана андан ары эмне кыларын билбей жатканын көрүүгө болот.

12-ноябрь күнү кечке маал укук коргоочу Кыргыз жараны бошотулганын кошумчалап, билдирүүсүн жаңылап жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kanybek121195
2019-11-12 22:32:07
Акыркы убактарда эмнегедир кыргыз жарандарына көбүрөк текшерип кысым кылгандай болуп жатат. Бир чети өзүбүзда күнөөлүүбүз такси айдаганда жол эрежесин жанан ошол мамлекеттин мыйзамдарын сактап баш ийишибиз жана маданиятына тилине көнүшүбүз керек деп ойлойм.
+9
Arman7
2019-11-13 06:00:57
Kanybek121195,сенин жеринде жашаган башка улуттар маданиятыбыды,тилибизди уйронуп жатышабы? Колдон келишинче оздорунун тилинде суйлоп жатабыз бир жолу эле эми орус болуп кетиш керекби ошончолук да сыйлаган.Биз кыргыздар эч ким эмесбизби керек болсо озубуздун жерде оз эне тилибизде суйлой албайбыз орусуна орусча,озбегине озбекче,туркуно туркчо
+10
Arman7
2019-11-13 06:07:45
Kanybek121195,Россияда орустарга орусча суйлойбуз убактылуу мигрант болуп журсок дагын бизде орустар омур боюу Кыргызстанда жашап жатып деле сага кыргызча суйлобойтго ошондо ким сыйлап жатат ким сыйлабай жатат.Ашыкчале тушунуктуу жакшы адам болобериштин кереги жок.
+7
Arman7
2019-11-13 06:14:58
Kanybek121195, Озубуздун жерде тушунобу тушунбойбу оз тилибизде суйлойлу керек болсо тушунбогондор тушунуп алышсын тоодон жаны тушуп келиптир дейби айылдык экен дейби ошол нерсеге карабай озубуздун тилде суйлойлу барктап.Тилибизди,улутубузду сактап кийинки муундарга желитпей-кемитпей откоруп берейли
+9
Muratmipa
2019-11-13 10:03:18
Kanybek121195,андай болсо Кыргвзстанда жашаган туугандар эмнеге биздин тилди сыйлашпайт
+4
KaGaH
2019-11-13 04:22:46
Валентина Чупик жакшы аял,законду чагат Ташкенттин орус аял,биздин элчилике Карганда жакшы жардам берет мигранттарга
Валентина Чупик номери:+79268347602
мүмкүн ке бирөөлөргө кереги тийип калаар
+8
Alia82
2019-11-13 10:18:41
Рахмат Чупике!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан