Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты: "Бошоң саясаттын айынан чек арадагы көйгөй кайталанып келет"

Бошоң саясаттын айынан чек арадагы көйгөй кайталанып келе жатканын бүгүн, 13-октябрда "Мамлекеттүүлүк чек арадан башталат" деген аталышта өтүп жаткан пресс-конференция учурунда Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев айтты. Анын айтымында, кайрылуулардан эч кандай жыйынтык болбой, бүгүнкү күндө дагы Баткен аймагындагы чек ара коркунучта турат.

"Чек аранын бекемдиги Кыргыз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү болуп эсептелинет. Баткен облусундагы чек ара маселеси чечилбесе, Баткен облусунун 3 айыл өкмөтү Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек
жана Лейлек району толугу менен Кыргыз өлкөсүнөн ажырап калуу коркунучунда турат. Кыргыз жери Жерге-Тал сыяктуу Тажикстанда калып кетүү коркунучунда калды", - деди ал.

Жыйынга катышып жаткан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, бийлик буга чейин болуп келген окуялардан сабак алган эмес.

“Бошоң саясаттын айынан чек арадагы көйгөй кайталанып келет”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Absamat-90
2019-11-13 13:20:15
Мадумаровду колдоп журуп сызга отургузуп кеткенде уялбай беттырмалык кылып чыктынарбы. Ошол чек араны талтайтып ачкан озунор. Анткени Сулуктунун комуру,Баткендин оругу бутундой Тажиктерге бересинер.
-1
u02u02
2019-11-13 13:21:54
Эртен УКМК га сурака чакырышат эми силерди терористердей кылып! Бирок азаматсынар селерди лейлек эли колдойт!!
+3
Bektur2011
2019-11-13 13:34:16
u02u02,былжыраба! Мындай контрабиндисттерди эч ким колдобосо керек
-4
u02u02
2019-11-13 14:17:59
Bektur2011,контрабандист болсо чек араны тосуп бергиле дебейт болчуда башты иштетсен
+5
chake
2019-11-13 13:29:26
Катыраң эч кандай чек ара менен кесилишпейт экен го
+3
Alimbek1000
2019-11-13 13:35:24
Катыраң эли бул активистти катуу жаман корушот мен да лейлектен болом. Катыраңдыктардын айтуусу боюнча Сапарали чыныгы коррупционер экен. Чоң чоң акчаларды жеп коюптур... Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт деген соз бар бизде Лейлектирде.
-1
Jaznura
2019-11-13 13:40:28
Бул Сапарали Бөрүбаев шоопурдун тууганы жана анын жолун жолдоочусу. 11-ноябрь күнү Исфана шаарында тажик тарап менен жолугушуу болгон учурда ушул талартарды ошол жерде айтпайбы? Бул жерде суутуп койгонсуп. Чек ара маселеси жеринен чечиле турган маселе сөз менен чечилбейт.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан