Киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити Кыргыз паспортун мыйзамсыз колдонуп жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айэркен Саймаити мыйзамсыз Самятов Эркин Салимович аттуу Кыргыз паспортун колдонуп жүргөн.(ID-карт жана чет элдик паспортторду) Самятов Э.С. атына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча, ИИМ "паспортту мыйзамсыз берүү" боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Тергөө ишинин негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. аттуу жаранга үч берене менен иш козголуп, кылмыш иши Жалал-Абад облусунун сот органдарына кароого жөнөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 13-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында эки ишкердин өлүмү боюнча жана Түркияда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити тууралуу маалымат берген.