Айэркен Саймаити каза болгон жерде табылган унаанын консулдук номери боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги үн катпай жатат

"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон жерде табылган консулдук номери бар унаа боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги үн катпай отурат.

Кечээ, 11-ноябрда түрк басылмалары Айэркен Саймаитини Стамбул шаарындагы Фатих аймагында "Миллет-Стрит" мейманканасында белгисиз жарандар атып кетишкенин жазышкан. Оор жаракат алган Айэркен Саймаити ооруканадан жан берген. Окуя болгон жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.

Бул унаа боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулуна билдирүү жөнөткөнүн билдирген. Ошондон бери министрлик да, консулдук да унаанын консулдук номери тууралуу ак же көк деген маалымат бере элек. Окуядан бери эки күн өткөнүн, азыркы күндө жаңы технологиялар, байланыштын түрү өнүккөнүн эске алганда, Тышкы иштер министрлиги тарабынан маалыматты тактоо мынчалык кечиктирилип жатканы социалдык тармактарда түрдүү жоромолдорго жем таштоодо.

2017-жылдан бери Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп Эркин Сопоков иштеп келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Absamat-90
2019-11-12 11:50:19
А номерди турк сайттары жасалма номер деп айтты эле го.
-5
altyn-kumush
2019-11-12 11:51:50
Бул ишкер Атамбаевдин аты аталып келген бир катар шектүү фирмаларга ээлик кылып келген. Кыргызстандын күч органдары издөө жарыялап, ал качып жүргөн. Анын өлтүрүлүшүн АШАга байлап, божомолдогон маалыматтар бир катар ММКларда жарыяланды. Тергөө ишине Атамбаевдин Түркиядагы ишкер досу Ахмет Каяны тартууну талап кылгандар да чыкты. Мурдагы президенттин миллиондору тууралуу маалыматты Айэркен Саймаитиден жакшы билген адам жок экенин айткандар да бар.
-12
Alimbek1000
2019-11-12 11:52:03
Саймаитини олтурушпогондо Атамбаевдин дагы да коптогон былыктары ачылып калмак... Ары жагы уже түшүнүктүү!
-13
Erik2018
2019-11-12 12:18:38
Alimbek1000,жакында Атамбаевдин сейфи болгон Пархати да заказной болсо таң калбайм Канкор Атамбаев канча акча которгонун ушулар жакшы билет
-15
Altyn.bala
2019-11-12 11:53:34
Асылбектин жообун кутуп атышат да.Эмне деп айт дейт болду экен деп.
+15
Ernestinio
2019-11-12 12:06:51
Эмнеге консул эчнерсе дей элек, айтпабы туурасыны эле мына ушундай, экообуздун тыгыз байланышыбыз бар, тем более мен да Атамбаевдин адамы, ал дагы.
-13
aerforce
2019-11-12 12:20:06
Такыр эле түшүнбөдүм ал уйгур болсо кытай менен украинанын жарандыгы болсо туркияда олсо кыргызстанга эмне тийешеси бар түшүндүрүп койгулачы деги
+2
elchi84
2019-11-12 12:27:18
АШАнын кылгандарын айтсан минус басып админ жазган создоруну чыгарбай жатат бул эмнени бир билдирет ?Бир тараптуу болбосонор адамдар оз ойлорун жазып жатышат да.
-7
TalaCSKA
2019-11-12 12:34:00
elchi84, ойунду озуно карма тантый бербей!же факты менен суйло!бул жер сага мусорный комментарий жазчу жер эмес!
+5
Altyn.bala
2019-11-12 12:39:56
elchi84,сенин тоогун туубай калса деле АША дей бересинби?Эмнеге Соке Раим жонундо унчукпайсын.
+2
elchi84
2019-11-13 11:41:09
Altyn.bala,АША болобу Соке болобу менин тоогум Туа берет мен бир тараптуу болбогула деп жатам.
+1
Bars88
2019-11-12 13:40:29
Сопоков Атамбаевдин шопуру болчу.Канча жолу жанылыктарга чыккан сопоков дегени олкону шопурлар башкарып калды деп
+2
KAYRATBEK
2019-11-12 13:45:38
Жажылдап ажаан иттей болуп эле айтыша бересинерби? Бирин Атамбаев дейсин бироон Жээнбеков дейсин. Бир маданияты олгон создун наркын билбеген бир мааниси жок эл болуп баратабыз.
+2
Tolik777
2019-11-12 14:32:03
Раимчиктен сурадынарбы? Ал как раз Туркияда тиричилик кылып журду эле го.
+8
Erik2018
2019-11-12 14:48:24
АШАнын шоопурунун кулагы көрүнүп жата го бул Сайматинин өлүмү боюнча
-3
Qwer007
2019-11-12 17:33:54
Продажные....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан