Футбол боюнча Кыргыз-Япония беттешине карата Бишкектеги айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте Кыргыз өлкөсү Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония менен ойнойт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш саат 17:15те башталат.

Буга байланыштуу саат 14:00дөн тартып Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсү Чүй кең көчөсүнөн тартып Фрунзе көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн тартып Орозбековго чейин убактылуу жабылат.

"Мэрия беттешке толук даяр. Эски аянтта Кыргыз курамасынын жана Япониянын оюнчуларынын күйөрмандары топтолгон фан-зона ачылат. "Тазалык" муниципалдык ишканасы таштандылар үчүн кошумча контейнерлерди орнотот. Мындан тышкары, "Тазалыктын" жумушчулары күйөрмандар топтолгон жерлерде, оюн жүрүп жаткан жайда тазалыкты сактап жүрүшөт. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы 20 биодааратканаларды орнотот. Урматтуу шаардыктар жана шаар тургундары, тазалыкты жана маданиятты сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2019-11-14 11:56:28
Алла буйруп утуп калайлы
+5
futboler
2019-11-14 12:24:14
Алга Кыргызстан
+3
Tyty1990
2019-11-14 13:00:57
Ошончо адамды убара кылгандан кийин жеңишке жетишкиле
+1
katerina.li
2019-11-14 13:24:52
Япондордой болуп мусор ыргытпай ,тазалап кеткиле артынардан. Анан окуп журбойлу Тазалык он тонна мусор чыгарды деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан