Премьер-министр "Кумтөр" боюнча келишим тууралуу маалыматты Жогорку Кеңешке декабрда алып келерин айтты

Депутат Курманкул Зулушев өкмөт "Кумтөр" боюнча келишим тууралуу маалыматты 2 жылдан бери алып келбей жатканын айтты.

"Кумтөр" боюнча маалыматты алып келбей жатасыз. Качан алып келесиз? Энергетика министрлигин түзөм дедиңиз, аны да жасаган жоксуз", - деп депутат премьер-министрге кайрылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапар, иш-чаралар болуп маалыматты убагында алып келе албай калышканын айтты. "Маалыматты декабрь айында алып келебиз. "Кумтөр" боюнча келишим тууралуу баяндама жасайм", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaznura
2019-11-14 13:37:28
Кумтөр боюнча келишим жокко чыгарылгандан кийин мурдагы каталар кайра кайталанбастыгы үчүн аны кылдат иликтеп чыгуу керек. Анан татыктуу долбоор менен келе өкмөткө да элге да жакшы болмок. Мурдагыдай шашма жана келечексиз долбоордун кереги жок а алтын болсо биздин жерде кетип калбайт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан