Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз-Япония футбол боюнча курама командалары беттешүүдө.
Стадиондон тышкары эски аянтка фан-зона ачылып, чоң экрандан күйөрмандар оюнга күбө болууда. Буга чейин мэрия Бишкектеги айрым көчөлөр жабылганын маалымдаган. Эски аянтка болсо 400дөй киши топтолуп, Кыргыз курама командасына кызуу күйөрмандык кылууда.
Бул учурдун бийиктиктен көрүнүшү видеого түшүрүлдү.