Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети боюнча парламенттик угуу өтүүдө.
Парламенттик угууну Бюджет жана финансы боюнча комитети өткөрүп жатат. "Республиканын калкынын саны 6 миллион 230 миң 286 адам, анын ичинде медициналык камсыздандырылган калктын саны 4 миллион 150 миң 665 адам. Акыркы үч жылда саламаттыкты сактоо уюмдарында дарыланып чыккан учурлардын саны 858 миң 486", - деп айтылат маалыматта.
Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.