Бир аптада Жалал-Абад облусунда 23 айдоочу мас абалында кармалды

Бир аптада 9-16-ноябрь аралыгында Жалал-Абад облусунда 23 айдоочу мас абалында, ал эми 54 айдоочу автоунаасынын алдыңкы терезелерин карангылатып жүргөндүктөрү үчүн кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

"Жалал-Абад облусунун жол көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан бир апта ичинде бардыгы болуп 1 568 жалпы жол эрежелерин бузуулар аныкталды. Анын ичинен 633 айдоочуга ылдамдыкты чектен ашырып айдагандыгы болсо, мамлекеттик белгиси жок автоунаа башкарган - 3 айдоочу, мас абалында - 23 ошондой эле 54 айдоочуга алдыңкы терезелерин карангылатып башкаргандыгы үчүн протоколдор түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан