Эртең, 19-ноябрда футбол боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын беттеши орун алат. Мелдешке байланыштуу борбордогу айрым көчөлөр убактылуу жабылат.
Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдагандай, жолдор саат 17:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин жабылат. Транспорт каражаттары үчүн Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү жабылат. Ал эми Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгүндө унаа каттамдары үчүн убактылуу чектөө киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, алдын ала альтернативдүү жолду тандап алуусун өтүнөт.