Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов республика аймагындагы көпчүлүк мектептерде компьютердик класстардын жоктугун билдирди.
Анын айтымында, Балдардын укугу жөнүндө конвенциянын 30 жылдыгына арналган парламенттик сессияга катышкан балдар өлкө аймагындагы мектептерде компьютердик класстардын жоктугун белгилешкен. Эргешов Билим берүү, илим министрлигинин маалыматтары боюнча мектептер компьютерлер менен камсыздалганы менен мектептерге 15-20 жыл мурун сатылып алынган, азыркы учурда иштебей турган компьютерлер эсептен алынып, чыгышталбай жаткандыгын сынга алды. "Андыктан орто эсеп менен 40 миӊ компьютер сатып алууга 10 миллион сом бөлүү зарыл", - дейт депутат.