"Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок", - деп билдирди ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов журналисттер менен болгон бүгүнкү жыйында.
Журналисттер орун басарга өлкөдө канча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар деген суроо беришкен.
"Өлкөдө сөз эркиндиги бар. Кааласаңар ким өзүн крим авторитет сезсе, ошондон интервью алсаңар болот. Бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзөт. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонулат", - деди Каниметов.