Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеште Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралды.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 миллиард 13 миллион 750 миӊ сомду түзгөн, мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 миллиард 800 миллион 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 миллиард 642 миллион 143 миӊ сом каражат түшкөн.
"Камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн же 1 миллиард 902 миллион 495 миӊ сом көп жыйналды. Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 миллион 860 миӊ сом өлчөмүндө болду", - деди ал.
Социалдык фонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 миллиард 309 миллион 666 миӊ сомду түздү.