Биз социалдык тармакта

Бишкекте баңги затын жарнамалаган баннер алынды

Кечээ, 21-ноябрда Бишкекте шаар тургундары "баңги затын жарнамалап жатат", - деп нааразы болгон жарнамалык баннер алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, көрнөк-жарнак тактайы Курманжан Датка көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
"Бизге шаар тургундары аталган баннердеги жарнаманын QR-коду баңги затын жарнамалаган сайтка шилтеме экенин айтып кайрылышты. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" бригадасы менен биргеликте аталган баннерди демонтаж кылышты", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, жарнамалык баннердин ээси жеке компания. Аларга баннер турган жер тилкеси 2022-жылга чейин ижарага берилгени белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2019-11-22 20:14:59
Анын ордунда бир бечара болгондо уже убактылуу кармоочу жайда отурган болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан