Биз социалдык тармакта

Троллейбустун жүргүнчүлөрүн бычак менен коркуткан жарандын окуясынан кийин айдоочу мэрия тарабынан сыйланды

Бишкекте колуна бычак кармап, троллейбустун жүргүнчүлөрүнө андан кийин милиция кызматкерлерине тап берген жаран кармалганы маалымдалган. №2 багытындагы троллейбустан айдоочусу Светлана Тургунбаева окуянын чоо-жайын айтып берген. Бул окуядан кийин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов айдоочу жана милиция кызматкерлери менен жолугушту.

"Азиз Суракматов айдоочунун эрдиги үчүн атайын кол саат тартуу кылды. Ал эми Милициянын патрулдук кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Адилет Абдылдаев жана Мирислам Алимбековго, криминалдык милиция кызматынын опер кызматкери Медербек Таалайбековго ыраазычылык билдирди", - деди мэриянын басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

20-ноябрда саат 12:30 чамасында Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бычак менен тап берген жаранды патрулдук милиция кызматкерлери, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жана Биринчи Май РИИБинин ыкчам тобу кармаган. Кармалган жаран өзүн 1992-жылы туулган Т. У. аттуу Чүй облусунун тургуну деп тааныштырган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bars88
2019-11-22 13:55:15
Милициялар уялбай кантип барышты экен.Эрдигин кордукго
+3
tular
2019-11-22 14:01:00
Тим эле террорист кармагандай болгонго... Оң жагындагы чанач ким? Буйруса жарылаарына аз калган экен...
+3
bond02
2019-11-22 15:57:36
Баягы бычак которуп милицияларга тап берип кууган куноолуу баланы да сыйлап койгула, милициялардын кандай даярдыкта экенин корсотуп бергени учун.
+1
Gulzat-88
2019-11-23 00:34:35
bond02,+баскым келген,-басылып кетти
...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан