Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Кыргыз өлкөсүндө бала асырап алуу жеңилдетилди"

Кыргыз өлкөсүндө бала асырап алуу жеңилдетилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда өткөн маалымат жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анда ишке кирип жаткан жаңы систем бала асырап алуудагы коррупцияны жана мурунку татаалдаштырылган системди жоюу максатында түзүлгөнү белгиленди.

“Эми жарандар үйдө отуруп деле бала асырап алуу тууралуу билдирүүсүн калтырса болот. Билдирүүдө үй-бүлөнүн кирешеси, соттолбогону тууралуу маалым кат, кайсы кызматта иштейт, медициналык бүтүм сыяктуу маалыматтар камтылышы керек. Мурда жарандардын документтерин, билдирүүлөрүн текшерүү боюнча процедура 14 күндү талап кылса, азыр 7 күнгө кыскарды”, - деди ал.

Мындан тышкары, жыйында мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынан катталган жалпы балдардын саны, алардын жашы, жынысы, улуту тууралуу маалымат алса болот. Ошондой эле аталган порталда бала асырап алууга талапкерлер тууралуу дагы маалыматтар камтылганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KAYRATBEK
2019-11-25 15:30:47
Дагы женилдетиш керек. Дагы деле ото коп документти талап кылат экен.
+2
bond02
2019-11-25 15:47:43
Бала асырап алууну женилдетип эмес тескерисинче баласын таштагандарга мыйзамды кучотуш керек.
+5
asman.81
2019-11-25 20:35:29
Баланы асырап алам деп,саткандардын куну тууп кетпесин !!!
+2
tular
2019-11-25 23:31:34
asman.81, кыргыздарың бул жагынан да миллион крутит этип кетпесе экен. Айрыкча ушундай учурда бизнес кылып кетмей жайы бар эле...
+2
asman.81
2019-11-26 11:00:10
tular,ошону айттым да бейкуноо коргоору жок наристелер жабыр тартып калышы мумкун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан