Биз социалдык тармакта

Кыргыз "Тайсону" Канат Келдибеков түз эфирде күнүнө 100 сом таап үй-бүлөсүн баккандарды айтып ыйлады (видео)

Белгилүү спортчу, кыргыз "Тайсону" аталган Канат Келдибеков түз эфирде көзүнө жаш алды. Белгилүү болгондой ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына чыгып ага жазылган адамдардын суроолоруна жооп берип жаткан.

Ал өлкөдө болуп жаткан көрүнүштөргө өзүнүн көз карашын айтып, кайсы бир аткаминерлер көп суммадагы акчаларды жеп, өлкөнү карызга батырып жаткан болсо, ошол эле маалда күнүнө болгону 100 сом табып, өзүнүн үй-бүлөсүн багып жаткан жарандар бар экенин айтып, көзүнө жаш алган.

Аталган видео интернет айдыңында тарап, көпчүлүк колдонуучулар спортчуну колдоого алышкан, айрымдары Келдибековдун минтип ыйлаганы эркекке мүнөздүү сапат эмес экенин жазып чыгышкан. Ошондой эле мушкер жеңишке жеткен сайын көзүнө жаш аларын жана ал өтө эмоционалдуу адам экенин жазып чыккандар дагы болгон.

Канат Келдибеков эрежесиз эр уруш боюнча көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, мушкер жакында эле Орусиянын Грозный шаарында өткөн АСА (Absolute Championship Akhmat) мелдешинде орусиялык атаандашын утуп жеңишке жетишкен.

Спортчу Канат Келдибеков түз эфирде ыйлап жиберди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Bektur2011
2019-11-25 15:27:19
Атамбаевге багытталган кайрылуу болуптур! Ала куштун атын атап Эй Атамбаев! деп кыйкырсан куп жарашмак!
+5
Jaznura
2019-11-25 15:29:42
Тайсон кыргызды ойлогону жакшы өзү эмне кылып жатат экен? Кимге жардам берип кимге көмөк көрсөтүп жатыптыр. Же 100 сом берип койгон жайың барбы?
-26
I_love_dance
2019-11-25 15:34:43
Jaznura, Сен жардам берип койгондой суйлосун го, инстаграм баракчасын карасын дайыма кайрымдуулук кылып турат. Эч нерсени билбей, адамды тааныбай туруп эле жаза бергенинерге жол болсун.
+20
Jaznura
2019-11-26 11:09:42
I_love_dance, Сен өзүңө да бир аз тыйын берип койгон турбайбы?
-8
bond02
2019-11-25 15:45:51
Jaznura,менимче бул жигиттин деле анчалык байлыгы жок болуш керек.
+23
gul-jana2
2019-11-25 18:45:01
Jaznura, А, эмнеге жардам бериши керек? 100 сом берууго милдеттуубу бироого? Озу колунан келген салымын кошуп атат, Кыргызстандын желегин желбиретип элге таанытып жатат. Ар ким оз багытында, ар турдуу багытта олкого салым кошсо болот, бул жакта отуруп алып сайрабай.
+15
Abdizhapar
2019-11-25 23:56:13
Jaznura,сен озу ушинтип чыгып Кыргызстанга куйуп ыйлап корчу козундон жаш чыгат бекен
+3
talas0707
2019-11-26 14:59:47
Jaznura, акылдуусунго.
0
Absamat-90
2019-11-25 15:29:43
6 жылдын жыйынтыгы азыркы абал.
+7
Ernestinio
2019-11-25 15:32:42
ээх брат айтасын, бардык коррупционерлерди жыйнап аттырып салыш керек болуп калды. Жээнбеков коррупция менен курошуп атса деле ошого каршылар чыгып жатат! мына канчалаган акчаларды кайтарды, главный виновниктерди кармады, ошондо да каршы чыгып жатышат жегичтер!
+12
Alimbek1000
2019-11-25 15:33:13
АША жана анын жан жокорлору уга турган сөз экен.
-3
aydinnur
2019-11-25 16:10:48
Alimbek1000,пацат китеп оку саясатты коё туруп
+4
shergazy9
2019-11-25 17:46:54
aydinnur,китепти сен кобуроок оууусан жакшы болмок
-5
Kyrgyz_bloger
2019-11-25 15:45:46
Тролдор фабрикасы жакшы иштеп жатыптыр,канча акча алышат болду экен.
+1
Zidan2
2019-11-25 21:39:09
Kyrgyz_bloger,магада кызык
-2
pompowa
2019-11-25 16:09:24
ак уйго баарын алып кирип жардырып салыш керек
+12
Altyn.bala
2019-11-25 19:49:51
Соке кетсин
0
Bektur2011
2019-11-26 11:01:16
Altyn.bala,Өзүн кет! Жээнбеков мамлекетти өнүктүрүп туруп кетет!
+2
JaneEr
2019-11-25 20:07:17
Мен кунуно 100 сом эмес 1 сом таппайтам.
+10
chake
2019-11-26 11:35:02
JaneEr,иште бул жерде оозунду ачпай
0
JaneEr
2019-11-26 18:19:13
Иш жок норм
0
karona12
2019-11-25 21:04:05
Бул бала озу Нарында тазалыкта иштейт жыргатып айлык албайт,мамлекеттен пайда жок эптеп оз кучу менен чыгып келатат.
+5
tular
2019-11-25 23:23:26
Ыйласа жүрөгүнүн жумшактыгы, боорукерлиги! Лично бул спортсменди мен сыйлайм!
+6
ruslanz
2019-11-26 09:16:07
Чындыгында копчулук эл кыйналып эле жатат.Бийликтегилер корруп-нер экенинде эч кумон жок, ошондой болсо да корр.жок дегендер табылат экен мисалы Кыязов,Борбиев.Бирок буларды тушунсо болот, акчага намысын саткандар.
-3
adilbars
2019-11-26 09:45:17
Бул жигит аябай боорукер инсан, качан караба кайрымдуулук иш менен алек, өз үй бүлөсүн да маңдай тери менен ак иштеп багып келет, бир учурда эле кыргыздын даңкын чыгарып дегендей... күйүп ыйлаганынча бар, бузулду баары... үмүттөр акталган жок.
+3
zarlyk2211
2019-11-26 10:28:54
Азаматсын Канат. Ушунунан жазба журогун Кыргыз деп согушун токтотпосун!
+3
Jaznura
2019-11-26 11:09:02
Бул Тайсондун "т"сына деле окшобойт турбайсыңбы? Мени сындагандарга ит үрө берет кербен жүрө берет.
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан