Биз социалдык тармакта

Чүйдө 24 жаштагы Нуржан Таалайбек кызы 17-октябрдан бери изделүүдө

Чүйдө 24 жаштагы Нуржан Таалайбек кызы дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 17-октябрь күнү Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун, көзү күрөң. Мезгилге жараша кийинип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү Нуржан Таалайбек кызын көрүп, билген болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 60-75-67, 0558 86-14-86, 0709 35-35-29.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан