Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз коюлган объектилер мэрия тарабынан алынды

Бишкекте мыйзамсыз коюлган объектилер мэрия тарабынан алынды. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Альфа" бөлүмүнүн кызматкерлери уруксаты жок орнотулган желимдөөчү жайдын бастырмасын бузду.

Маалыматка ылайык, Курулушчулар шаарчасындагы желимдөөчү жайдын бастырмасы жана №6 үйдүн жанындагы күркө алынган. Мындан тышкары, Чүй кең көчөсүндө мыйзамсыз коюлган киоск дагы алынганын кошумчалады мэриянын маалымат кызматынан.

Бишкек мэриясы өз алдынча жерди басып алып, өз кызыкчылыгына пайдалангандарга же уруксаты жок объектилерди орнотуп алгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
toktor89
2019-11-26 09:13:09
Жакшы.
Оштон сабак алыпсынар!
+3
kamchatka
2019-11-26 09:36:59
Таз жакшы иш кылган турбайсынарбы тимеле Ататурктогу уйлорду тазалап салгандай мактанып акмактар десе бир карапайымдын ырыскысын кыйып
+2
Absamat-90
2019-11-26 09:42:45
Мыйзам баарына бирдей,жолдун устуно чыгып куруп алышкан машына токтотууга мумкун эмес.Копчулук аварияларга ушулар да себепкер болууда.
+1
chake
2019-11-26 09:49:41
шаардын көркүн бузган бутиктерди тазалап туура кыласынар кее бир ач көздөр жолдун жарымына чейин тосуп алгандар бар
+2
u02u02
2019-11-26 10:41:56
Доля бербеген бутик киоскалар алынды десенер...
+2
asman.81
2019-11-26 10:56:50
Курман ыраазы болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан