Биз социалдык тармакта

Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүп жатканы айтылды

Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлар өсүүдө. Бул тууралуу Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет жыйынында белгилүү болду. Комитет отурумунда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзам долбоору 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна сунушталып жаткан өзгөрүүлөр боюнча маалымат берген ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев: “Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Алсак, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта 2 миң 415тен 7 миң 114кө чейин өскөн", - деди.

Талкуу соңунда аталган маселе боюнча комитеттин корутундусу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yrmat88
2019-11-26 12:00:52
Исламдашкан диний олколордо зордук зомбулук ото коп орун алат. Озгочо ислам динге берилип жашаган олколордо аялдарга карата зордук зомбулук конумуш эле болуп калган.
0
JaneEr
2019-11-26 13:42:30
Эркектер уй-булосун бага албай жатышат,баккандары жон бакпай зордук зомбулук корсотуп жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан