Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри менен Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты.
"Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты", - деп билдирет басма сөз кызматынан.