24-ноябрда Москвада көчө шыпырып иштеген жумушчулар ортосунда мушташ чыккан. Орусиялык маалымат каражаттары алар Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандан барган мигранттар экендигин жазган. Ага ылайык, жумушчулар өз ара футбол ойношкон. Оюн учурунда оюнчулардын бири эреже бузуп, аны талкуулоо боюнча тараптар өз ара жолугууну пландашкан. Ошол жолугушуу учурунда жаңжал чыгып, айрым жумушчулар темир күрөктөр менен куралданып чатакташа кетишкен. Жергиликтүү тургундардын бири полиция чакырып, мушташка катыштыгы бар делген 10 чакты адам кармалган.
Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилиги бул боюнча SUPER.KG порталына маалымат берди. Анда айтылгандай, мушташ футбол боюнча өз ара мелдеште жаралган жагдайдан улам чыккан.
"Кыргыз жарандарынын арасында жабыр тарткандар жок. Мушташка катыштыгы бар бардык адамдарга карата "бейбаштык" беренеси менен протокол түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.