Биз социалдык тармакта

Күндүзү -15 градус, түнкүсүн -25 градуска чейин. 27-ноябрда өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөйт

27-ноябрда өлкөдө абанын температурасынын көрсөткүчү күндүзү 0 градустан -15 градуска чейин, түнкүсүн -25 градуска чейин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлады.

27-ноябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°. Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги аймактарда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9° жетет. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Абанын температурасынын төмөндөшү айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

28-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

29-30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

2-3-декабрда айрым тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан