Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде эки тараптуу Кыргыз-Түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, бул келишим эки өлкө ортосундагы түз инвестицияларды колдоо жана коргоо максатында түзүлгөн. Ошондой эле анда эки өлкө ортосунда макулдашууларды түзүү жана бузуу тартиби да камтылган. Ушул тапта эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 миллион долларды түзөт. Азыр аны 1 миллиард долларга жеткирүү аракети жасалууда.