Биз социалдык тармакта

Аскер прокуратурасы "Апрель" телеканалынын эфирге чыгышына тыюу салды

Аскер прокуратурасы "Апрель" телеканалынын эфирге чыгышына тыюу салып, “Санариптик технологиялар” ЖЧКнын чечимин четке какты. Бул тууралуу аталган каналдын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү катты "Санариптик технологиялар" ЖЧКсынын директору Кубат Оторбаевге бүгүн, 26-ноябрда жөнөтүшкөн. Бүгүн "Апрель" телеканалы эфирде өз ишин жандантмак.

Аскер прокуратурасы жөнөткөн катында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча, "Апрель-ТВ" ЖЧКсынын "Санарип технологиялар" ЖЧКсындагы үлүшү камакка алынганын эскерткен.

"Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Канат Биримкуловдун пикири боюнча, үлүштүн камакка алынышы "Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун "Санарип технологиялар" ЖЧКсынан бир нерсе талап кылууга, ичинен "Апрель" телеканалын трансляциялоого акысы жана укугу жок" дегенди түшүндүрөт. Мындан сырткары, Аскер прокуратурасы "Санариптик технологиялар" ЖЧКсынын мүчөлөрү "Апрель" телеканалынын иши боюнча уюштурган чогулушун "мыйзамсыз" деп тапкан", - деп жазылат маалыматта.

2019-жылдын 9-августунда Бишкектеги "Форум" имаратын атайын даярдыктагы жоокерлер басып алган. Анда "Апрель" каналынын кеңсесине кирип, бардык кызматкерлердин офистен чыгып кетүүсүн талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
TalaCSKA
2019-11-26 20:52:53
Бийликте бет калбаптыр такыр эле!!!эки созунун экиси жалган.же кылган бир козго корунуктуу иши жок.соз эркиндиги кайда?Канат Биримкулов деген ким озу?аскер прокуратурасы кандай орган мыйзамсыз же мыйзамдуу деп оз алдынча чечкендей?же сот болду беле Апрель телеканалы жонундо?коркоктор корктуда оппозициялык телеканалдан!!!
+4
altyn-kumush
2019-11-26 22:51:04
TalaCSKA,кулкуну келтирбечи! Арестте турган теле иштемек беле
-5
Absamat-90
2019-11-26 21:03:54
Туура эле кылган, алар бир адамды пропагандалоо менен убара эле. Анын кызыкчылыгын коздоп, элдин кызыкчылыгын унуткан. Материалдарында билинип эле турбайбы
+2
KAYRATBEK
2019-11-26 21:40:31
Бир жактуу каралап, бир жактуу жамандаган телеканалдардын баарын жабуу керек. Апрель телеканалын толлук 100% жабып салуу керек. Эртеменден кечке кечтен тан атканга чейин мурункуну мактап азыркыны жамандайт. Кыргыздарга стабилдуулук керек болбосо Кыргызстанга стабилдуулук керек. Олкодо стабилдуулук жокпу? демек эч качан онугууну ойлобогула.
+2
yrmat88
2019-11-26 22:00:06
Сооронбай бийликтен кетсин. Сооронбайда бет жок. Эч ким Сооронбайга ишенбейт. Озу кантип бийлике келгенин унутуп калды.
0
altyn-kumush
2019-11-26 22:49:55
yrmat88,сентябрдын жон эле жапкан, Занозаны доого жыккан Атамбаевде бет бар дейсинби анан! Медиа деген нерседен тушунугун тайкы экен
0
Absamat-90
2019-11-26 22:53:33
yrmat88, тоо десе бээ деген неме экенсин, то ли тупой, то ли не знаешь о чем речь. Статьяны окуп алчы биринчи не в тему боло бербей. Калп эле жаза бербей,лишь лишь бы болбой
-3
altyn-kumush
2019-11-26 22:48:15
Бир адамды мактап жактаган теленин барынан жогу! Калыстык деген нерсе жок, чыныгы провокаторлор мына ушулар, интриганттар командасы баары топтолуп алган Форумга!
-2
Wibee
2019-11-26 22:51:34
Туура кылыптыр.Эми баягы тез көргүлө мындай болду андай болду деген көчө блогерлерди ютуптагы жетим жүгүрүк каналдарды дагы көзөмөлдөш керек ошолор аша эле безпредель болуп кетишти толька негатив капкайдагы калптын баарын эле таратып жатышат.
+2
Aidar.001
2019-11-26 23:03:50
Апрельди жазда Апрельде ачкыла кайра 2020
-1
altyn-kumush
2019-11-26 23:37:38
Өмүрбек Текебаев эч нерсени жыргаткан жок. Канча жолу бийликке аракет кылды бирок эч кандай майнап чыккан жок. Өзүнүн эки жүздүүлүгү менен тарыхта кала турган болду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан