Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы шаар тургундарын медициналык маска тагынууга чакырат

Бишкек мэриясы организми сезгенчээк адамдарды маска тагынууга чакырат. Суук мезгил орун алгандыгына байланыштуу шаар тургундары үйүнө от жагып, мончолорго таштанды, желимдерди жагышат. Мындан улам абанын булганышы көрсөтүлгөн нормадан бир топ жогору болорун маалымат кызматынан билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына көчөгө чыкканда медициналык маска тагынууга, үйдүн терезелерин көп ачпоого, мүмкүн болсо үйдүн ичиндеги абаны фильтрлөөчү каражатты орнотууга чакырат.

Учурда Бишкектеги абанын булганышынын индекси 50-100 микрограмм. Бул көрсөткүч орточо деп эсептелет.

Эгер сиз кимдир-бирөөнүн таштанды же желим өрттөп жатканына күбө болсоңуз төмөнкү номерлерге байланышып коюңуздарды мэрия өтүнөт.

Байланыш номерлери:

Мэриянын санитардык-экологиялык патрулдук кызматы: 0(312) 65 81 59, WhatsApp 0(505) 888-315

Биринчи Май району, 0(555) 404-818;

Свердлов району, 0(551) 551-745;

Октябрь району, 0(707) 373-373;

Ленин району, 0(500) 210-470.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aerforce
2019-11-27 08:41:00
Маска бизнес )
+2
Chungyz
2019-11-27 09:19:02
ошто дагы барбы номерлери
+1
bond02
2019-11-27 09:36:21
Акысыз таркаткыла да анда маскаларды.
-2
Kulatov
2019-11-27 10:33:06
bond02,Өзүң үчүн бир маска алып тага албайсынбы,өкмөт үчүн жашагандай милдет кыласын го,бирдик үчүн акчаңды аябай эле салып интернеттен чыкпай отурасын
+21
milan-707
2019-11-27 19:24:10
Kulatov,жайладынго
+2
Siren90
2019-11-27 11:46:18
Жаны конуштардагы мончолордун копчулугу таштанды,цехтердеги кездемелердин кесиндилерин жагышат, синтетика кездеменин тутуну капкара болуп каптап, аябай сасык жыт келет.
+5
Sajakat14
2019-11-27 17:23:11
Мурун Кытайда ушундай эле. Эми бизде дагы маскасыз дем ала албай, аба булганат деген эмне шумдук! Ар кайсыл оорулар пайда болот эмен кир абанын айынан. Акча табыдат, ден соолук менен жаратылышты өлтүрсөк акчанын кереги барбы?
0
Kylychisa
2019-11-27 20:37:04
Маршруткалар коп дизель ошолордон кара тутун коп чыгат .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан