Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө жоокер асынып алды. Бул тууралуу Башкы Штабдын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоокердин жансыз денеси бүгүн эртең менен саат 08:00 чамасында табылган.
"Маркум 22 жаштагы А.у.Т. аттуу жоокер болгон. Ал кечээ, 26-ноябрь күнү үйүнөн он күндүк эс алуудан кийин кайтып келген. Ал аскердик бөлүктө акыркы айдын жыйынтыгы менен эң мыкты жоокер деп табылып, сыйланган. Учурда Жалал-Абад облустук аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү иштерин баштады", - деп жазылат маалыматта.