Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3600 адам туура келет

Кыргыз өлкөсүндө, өзгөчө айыл жергесинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги олуттуу маселе. Ал эми медицина тармагында билим алып жаткан жогорку окуу жайлардын студенттери үй-бүлөлүк дарыгердин кадыр-баркы төмөн жана маянасы аз адистик деп билишет. Мындай маселе бүгүн, 27-ноябрда өткөн "Кыргыз өлкөсүндөгү үй-бүлөлүк медицина: тажрыйба, чакыруулар жана өнүгүүнүн жолу" форумунда көтөрүлдү.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө өзгөчө айыл жергесинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги байкалат. Биринчи медициналык-санитардык жардам системи үй-бүлөлүк дарыгерлер менен толук камсыздалган эмес. Мындан улам Кыргыз өлкөсүндө иштеп жаткан 1700 үй-бүлөлүк дарыгердин 80 пайызга чукулу пенсия курагында же пенсияга чыгуу алдында тургандар. Орточо эсеп менен алганда, республика боюнча бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3600 адам туура келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин нормативине ылайык, бир дарыгерге 1500-1700 адам туура келиши керек. Медицина тармагында билим алган студенттер үй-бүлөлүк дарыгер болгусу келбеген факторлорду - маянанын аздыгы жана бул адистик төмөнкү кадыр-баркка ээ экенин бир канча ирет айтышкан.

Ал эми бүгүнкү күндө калктын ден соолугунун көрсөткүчтөрү өзгөчө энелердин өлүмү, балдардын эрте жаштагы оорулары, инфекциялык эмес илдеттерди алдын алууга жана дарылоого муктаж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан