Депутат Тазабек Икрамов өлкөдө тамеки тарта турган атайын жайлар болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
"Кошуна мамлекет Казакстанда атайын тамеки тарта турган жай бар экен. Бизде көчөгө чыксак аялдар, эркектер тамеки тартып кетип жаткан болот. Кичинекей балдар менен көчөдө жүрүү мүмкүн болбой калды. Атайын тамеки тарта турган жай болушу шарт. Түкүрүккө салыштырмалуу тамеки тартууга тыюу салган оңой болсо керек", - дейт Икрамов.
Депутат Таабалды Тиллаев атайын тамеки тартуучу жай болушу зарыл экенине токтолду. Ал билдиргендей, тамеки тарткан адамга караганда, түтүндү жыттаган адамга зыяны көп.