Биз социалдык тармакта

Бишкектин борбордук аянтына былтыркы балаты орнотулду

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына балаты орнотулууда. Балаты былтыркы экенин, аны орнотууну "Бишкексвет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери колго алганын мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

"Балатынын узундугу 27 метрди, диаметри 12 метрди түзөт. Балатыны кооздоо иштерин "Архитектура жана шаар куруу" бөлүмү жүргүзөт. Ага ылайык, балаты "Жаңы жылдык белек" аталып, кызыл тасмал менен оролуп, ар кандай шарлар, дюралайттар (ар кандай түс берүүчү лампалар) менен кооздолот. Мындан тышкары, борбордук аянтка 2020-жыл деген жасалга орнотулат.

Быйыл Түштүк магистралдагы "Ынтымак" паркына дагы бийиктиги 12 метр болгон балаты орнотулат. Учурда аталган сейил бакка балаты "Бишкексветтин" кызматкерлери орнотуп баштады. Ошондой бул паркка дагы Жаңы жылдык жасалгалар коюлат", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Petrovka
2019-12-02 22:14:47
Муниципал же муниципиал??
-1
Melitta-24
2019-12-02 23:44:51
Petrovka, Муниципал дегени туура эле.
0
Patoshik1
2019-12-03 09:41:22
Petrovka,))))))) маскарапоз Петросян болдунго))))))))))))
-1
bek.94
2019-12-03 11:39:45
Жакшы жаңылык бир аз болсо да үнөмдөө ушинтип барып барып балаты орнотпой калабыз Иншаа Аллах.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан