Бишкек мэриясы тарабынан мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштери улантылууда. Бул ирет "Орто-Сай" базарынын айланасындагы объектилер алынганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Алар Фрунзе жана Тойгонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркөлөрдү, "Орто-Сай" базарынын айланасындагы жарнамаларды жана Чүй кең көчөсү менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги эки банкоматты алып салышты", - деп жазылат маалыматта.
Мыйзамсыз жана туура эмес орнотулган объектилер тууралуу маалымат, сүрөт жана видеолорду (0703) 63-38-33 номерине жөнөтсөңүздөр болот.