Биз социалдык тармакта

"NewTV" телеканалынын тартуучу тобуна кол салды делинген жарандар Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинди

“NewTV” телеканалынын тартуучу тобуна кол салган окуяга тийиштиги бар делинген эки жаран Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинди жана сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анда бул окуяга тийиштиги бар делинген эки жаран тергөө бөлүмүнө алып келинди. Алар 1988-жылы туулган А.А. жана 1987-жылы туулган О.У. аттуу жарандар болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

“NewTV” телеканалынын тартуучу тобуна кол салуу болуп, камера жараксыз болуп калганын аталган каналдын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков окуя тууралуу айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2019-12-04 10:14:46
Журналистер азыр бара калып эле тартып кирмей адатка откон. Этиканын э син билбейт, алдын ала маалымат берип барат элек тартат элек демей жок.
+1
Jaznura
2019-12-04 10:19:08
Журналисттердин баары эле чектен чыгып бара жатат. Буларга атайын чек койбосо болбой калды.
0
chake
2019-12-04 10:28:35
Журналистерден башка адамдардын укугу корголбойбу ишкерлердин да укугун коргоп чыккан бироо жарым барбы
-1
Baihan07
2019-12-04 10:37:45
### азыр баары эле журналист, активист, бир нерсе болсо эле тартып баштайт камерасын телефонун алып чыгып, аларды суракка алган бирөө барбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан